​3 жолу мэрди шайлай албаган Кербен шаардык кеңеши таркатылат

  • 3 года мурун

БШК 8-июлда Кербен шаарынын мэри шаардык кеңеш тарабынан шайланбагандыгына байланыштуу, Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо дайындоо жөнүндө сунушун Президентке жөнөттү.


Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин шайлоо 3 жолу дайындалган.

— 7-июнда депутаттардын кворуму жоктугунан мэрди шайлоо болгон эмес.

— 21-июнда катталган жалгыз талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу мэр шайлоосу болгон эмес.

— 5-июлда да депутаттардын кворуму жоктугунан мэрди шайлоо болгон жок. Кербен шаарынын мэринин кызмат ордуна бир талапкер катталган.

Ошондой эле БШКга Кербен шаардык кеңешинин 16 депутатынан «Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» билдирүү келип түшкөн.

Эгерде шаардын мэри белгиленген мөөнөттө жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланбаса, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын 43-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты