​«Медиа полиси институту» Камчыбек Ташиевге жооп берди

  • 3 года мурун

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 8-июлда журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп:

«Азыр интернетте мамлекет башчысын жана башкаларды жамандап, төңкөрүшкө чакырып жатышат. Биз ар бириңерди каттап жатабыз. Токтоткула! Азыр чет мамлекеттерде жатып алып, революцияга чакыргандарды бул жакка алып келүү үчүн башка мамлекеттер менен келишим түзүп жатабыз»-деген.

«Медиа полиси институту» Камчыбек Ташиевдин мындай пикири сөз эркиндигине шек келтирет деп эсептейт.

Укук коргоочулардын айтымында, УКМКнын ыйгарым укуктарына президентке карата айтылган терс билдирүүлөрдү издөө иши кирбейт.

«Ар-намыс жана кадыр-барк материалдык эмес, мүлктүк эмес укуктар категориясына кирет. Алар жеке адамдын өзгөчө субүективдүү укуктары болуп саналат. Бир гана жаран анын аброюна шек келтирген нерсени өз алдынча баалай алат. Ошондуктан ар бир адамдын, анын ичинде президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо доо арыздын негизинде жүргүзүлүшү керек», — дешет юристтер.

Ошондой эле «Медиа полиси институтунун» юристтериУКМК башчысынын «бир депутат Орхан Инанды үчүн сөзсүз жооп бересиңер деп коркутуп-үркүтүп жатат» деп айтканына дагы көңүл бурушту. Алар «депутаттык кол тийбестик» деген түшүнүк бар экендигин белгилеп, эл өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзү үчүн куугунтукттоого алынбашы керек экенин эскертишти.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты