​COVID-19 илдетинин жайылышы боюнча аймакта 2-орундабыз

  • 3 года мурун

Джонс Хопкинс университети Борбордук Азия өлкөлөрүндө коронавирус илдети менен канча адам жабыркап, канчасы каза болгонун маалымадады.

Казакстан – 502 581 (каза болгондор – 3 556)

Кыргызстан – 134 501 (каза болгондор – 2 063)

Өзбекстан – 114 039 (каза болгондор – 758)

Тажикстан – 13 690 (каза болгондор – 168)


Кыргызстанда акыркы айларда күнүнө онго чейин адам кайтыш болуп, ооруну жуктургандардын саны акыркы жумаларда бир суткада миңден ашууда.

Кечээ, 8-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын директору, дарыгер Жыргалбек Осмоналиев каза болду

Ал 20-июндан бери COVID оорусуна каршы дарыланып, 27-июндан бери реанимацияда жаткан. Ал 49 жашта болчу.


Фото интернеттен алынды


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты