​Орхан Инандыны февраль айында уурдап кетишкен

  • 3 года мурун

Орхан Инандынын Кыргызстандан уурдалышы боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев комментарий берди.


Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы 2021-жылы февралда да уурдалып, аны өлкөдөн алып кетүүгө аракеттер болгонун айткан Камчыбек Ташиев:

“Чет элдик жаран өзүнүн кылмыштуу максаттарын ишке ашыруу үчүн, оперативдик булакка «Сапаттын» президенти Орхан Инандыны уурдап кетүүгө көмөктөшүүнү сунуш кылган. Орхан Инандыны уурдап кетүүгө аракеттер болуп жатканын өзүнө телефон чалып, кабарладык. Ушул жылдын февраль айында аны уурдап кетишкен. Биз аны өлкөгө кайра алып келгенбиз. Февраль айында Орхан Инанды үч күнгө жоголгонун аялы жана анын жардамчысы билет», — деди Камчыбек Ташиев.

УКМКнын башчысы Орхан Инандыны бул жолу өлкөдөн кантип чыгарып кеткендиги иликтенип жатканын айтты.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты