​Мыкаачылык менен зордуктаган сот аткаруучуларды сот актады

  • 3 года мурун

«Сезим» кризистик борборунун маалыматына караганда, Чүй облустук соту Калия Арабекованы мыкаачылык менен зордукташкан, сот аткаруучу болуп иштеген 3 адамды актады.


Кылмыш 2013-жылы болуп, сегиз жылдан бери К. Арабекова, жактоочулар жана ага жардам берген уюмдар акыйкаттыкка жете алышкан эмес.

2015-жылдын май айында Сокулук райондук соту үчөөнү тең сегиз жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында кескен.

«Калия акыйкаттык үчүн күрөшкөн, бирок акыркы сот жараянында жеңилип калды. Ал катуу стресске жана депрессияга кабылып, жабыркоодо. Сот залында айыпталуучунун туугандары аны коркутуп, кысымга алышкан. Биз мындан ары дагы аны колдоого, акыйкаттыкты талап кылууга даярбыз », — деп билдиришти «Сезим» кризистик борборунан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты