Кыргызстандын ЖОЖдоруна 4 миң 131 бюджеттик орун бөлүнгөн
- 3 года мурун
Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу иши учурда кызуу жүрүүдө.
2021-2022- окуу жылына карата ЖОЖдорго 4131 бюджеттик орун бөлүнгөн.
Министрликтер менен ведомстволордун арыздарына ылайык бюджеттик орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:
Билим берүү жана илим министрлиги — 2 миң 309;
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги — 1335;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги — 427;
Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги — 60.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү