​Тажик бийлиги сураган Эсен Мажитовду Россия эркиндикке кое берди

  • 3 года мурун

2020-жылы май айында Баткен облусунун Чек айлында кыргыз-тажик чек ара чатагы орун алып, эки өлкөнүн жарандары кагылышкан.


Дал ошол чырдын уюштуруучусу деп Тажикстандын бийлиги Чек айылынын тургуну Эсен Мажитовду эл аралык издөөгө алган.

Ушул жылдын апрель айында Россиянын Нижний Новгород шаарынан тажик бийлигинин суранычы менен Эсен Мажитов камакка алынган. Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн жакында эле Россия четке кагып, кечээ аны камактан бошоткон.

Быйылкы кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийин Эсен Мажитовдун уулу Адил Президент Садыр Жапаровго кайрылып, Баткендеги чек ара чырын чечүүнү суранып, видеокайрылуу жасаган.

Садыр Жапаров баткендик өспүрүм Адилди кабыл алып, атасын бошотууга жардам берээрин айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты