Ош шаарында добуш сатып алууга шектелип, депутаттыкка талапкер камакка алынды
- 4 года мурун
Ош шаарында добуш сатып алууга аракет кылган жаран кармалды.
Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер бүгүн, 8-июлда добуш сатып алууга шектелип, камакка алынды.
Учурда далилдер чогултулуп, күбөлөр суралып жатат.
Дал ушундай эле добуш сатып алууга аракет кылган Ош шаардык кеңешине талапкер «Ынтымак» партиясынын өкүлү дагы кечээ, 7-июлда 115 миң сом накталай акча жана шайлоочулардын тизмеси менен колго түшүп, камакка алынган.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү