​»Эдельвейс» полигонунда тоо даярдыгы боюнча машыгуу аяктады

  • 3 года мурун

«Эдельвейс» полигонунда тоо даярдыгы боюнча машыгуу болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын басма сөз кызматы билдиргендей, машыгууга Коргоо министрлигинин бардык кошуун, бөлүк жана мекемелеринин нускоочулары тартылды.

Машыгуунун максаттары: тоодогу тоскоолдуктарды жеңүү боюнча билимди жана көндүмдөрдү өркүндөтүү, окутуу бөлүмдөрүндө нускоочулардын тоолуу даярдыктын негиздерин үйрөтүү боюнча методикалык чеберчилигин жогорулатуу, жалпы дене тарбиялык жана моралдык сапаттарын көтөрүүгө арналды.

Ошондой эле, машыгууда жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана аларды ташуу боюнча көндүмдөр иштелип чыгып, тоолуу аймакта чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча аракеттер ишке ашырылды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты