​COVID-19 жүрөк-кан тамыр ооруларынын санын арттырды

  • 3 года мурун

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган жарандардын өлүмү 19 пайызга жогорулады.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев республикада өлүмгө алып келген оорулардын ичинен жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТО) биринчи орунда тураарын, коронавирустук инфекция башталгандан бери алардын деңгээли 2020-жылы мурдагы 2019 жана 2018-жылдарга салыштырмалуу 19 пайызга көбөйгөнүн айтты.

COVID-19 менен ооруган жарандарда жүрөк-кан тамыр оорулары курчуп, оорунун күчөшүнө алып келээри жана өлүм менен коштолушу мүмкүн экени белгиленди.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты