​Таалайкүл Токтакунова:«Орхан Инандыны уурдоого депутат Шайлообек Атазовдун тиешеси болушу мүмкүн»

  • 3 года мурун

Орхан Инандыны уурдоого депутат Шайлообек Атазовдун тиешеси болушу мүмкүн деген шектенүүсүн жактоочу Таалагүл Токтакунова Башкы прокуратурага жазган арызында билдирген.


Орхан Инанды жоголоор күнү артынан ээрчип жүргөн адам видеотасмаларга түшүп калган.

«Биздин маалымат боюнча, Орхан Инандынын артынан ээрчип жүргөндөрдүн бири көкүрөгүндө ак тамгасы бар кызгылт сары түстөгү футболкачан Арсен Айылчиев жана Асылбек аттуу адам болгон. Арсен Айылчиев 2021-жылы 29-апрелде социалдык тармактардагы баракчасына эркектердин тобу менен түшкөн сүрөт жүктөгөн. Ал сүрөттө Орхан Инандыны ээрчип жүргөндө кийген футболкасы менен болгон жана Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов менен чогуу отурган. Биздин Шайлообек Атазовдун Орхан Инанданын уурдалышына тиешеси бар деген шектенүүлөрүбүз орундуу, анткени бир нече күн мурун ал Түркия Республикасында «Жылдын алтын адамы» сыйлыгын алган»,-дейт юрист прокуратурага жазган арызында.

Ошондой эле, Шайлообек Атазов Түркияга болгон сапары учурунда Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш, Түркиянын мурдагы вице-премьер-министри Йылдырым Тугрул Түркеш жана башка белгилүү саясатчылар менен жолукканы айтылат.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты