Бейөкмөт уюмдардын каржысын ачыктаган мыйзам күчүнө кирди
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдардын каржылык отчеттуулугу жөнүндө мыйзамга кол койду.
Аталган мыйзам долбоору 17-июнда ЖК депутаттары тарабынан үчүнчү окууда кабыл алынып, 26-июнда кол коюуга берилген.
Парламент тарабынан жактырылган өзгөртүүлөргө ылайык, эми кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык колдоолордун эсебинен иш алып барган коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин салык органдарына отчет берип турууга милдеттүү.
Аталган мыйзам долбоору коомчулукта кескин сынга кабылып, жарандык активисттер бул мыйзамдан баш тартууга чакырып келишкен.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү