​Садыр Жапаров:«Орхан Инандыны 3 жолу уурдоо аракети болуп, акыркысында Камчыбек Ташиев сактап калган»

  • 3 года мурун

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалып, Стамбул шаарына жеткирилиши боюнча Президент Садыр Жапаров өз оюн билдирген.


Президент менен болгон чакан маекти 24.kg маалымат агенттиги жарыя кылды.

— Садыр Нургожоевич, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан Орхан Инандынын Түркия тарабынан уурдалып кетишине байланыштуу кандай комментарий бересиз?

— Орхан Инанды дайынсыз жоголду деп массалык маалымат каражаттарына чыгаары менен мен дароо күч структураларынын жетекчилерин чогулткам. Бардык күчүңөрдү жумшап, тез арада тапкыла, чек араларды катуу карагыла деген буйрук бергем.

Ошол күнү Орхан Инанды жөнүндө толук маалымат алгам.

Көрсө, буга чейин эле 2016-жылдан бери үч жолу уурдап кетүү аракети болгон экен. Үчүнчүсү кыш айларында болуп, анда Камчыбек Ташиев сактап калыптыр. Тагыраагы, УКМКнын балдары сактап калышкан. Аны Орхан Инанды жана анын үй-бүлөсү да билет экен. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич жалгыз жүрбө, дайыма жан сакчы менен жүргүн деп эскерткен экен. Кенебестик кылып коюптур да..

— Эми эмне болот? Түркия тарапка доомат коёсуздарбы же жокпу?

— Албетте коёбуз. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге тапшырма бердим. Элчисин чакырып нааразычылык нотасын бер деп. Бугун тапшырды.

— Кандай жооп күтсөк болот? Кайтарып алып келүү мүмкүнбү?

— Эң негизгиси — аман-эсен экен. Өмүрү узун болсун. Кайтарып алып келүү боюнча маселе көтөрдүк. Бирок азырынча Түркия тараптан расмий жооп келе элек. Оозеки түрдө Орхан Инанды силердин жаран эмес, биздин жаран, бизден жарандыктан чыккан эмес деген жообун берип атышат дешти. Түркиянын расмий жообун күтүшүбүз керек.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты