​Түрк элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды

  • 3 года мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.


Жолугушуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн.

Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны Түркияга алып чыгып кеткен атайын операция боюнча Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Ахмет Садык Доганга нааразычылык нота тапшырылды.

Кыргызстан түрк тарапты эл аралык укуктун, анын ичинде адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоону жана Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кылды.

Ошондой эле кыргыз бийлиги ага карата эл аралык мыйзамдарга ылайык мамиле жасоого, зомбулук жана кадыр-баркын басмырлаган аракеттерди колдонбоого чакырды.

Өз кезегинде, элчи Ахмет Доган Орхан Орхан Инанди Түркия Республикасынын жараны экендигин жана ал түрк жараны катары гана таанылгандыгын баса белгилеген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Инанданы өз мекенине кайтаруу жана Кыргыз Республикасынын жараны катары анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн Конституцияга жана эл аралык укукка ылайык бардык аракеттерди көрөөрүн билдирди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты