​ Өмүрбек Текебаев: «Суверендүүлүк кертилбеши керек!»​

  • 3 года мурун

«Ата-Мекен» партиясынын лидери, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматы аркылуу Кыргызстандан уурдалып чыгышы боюнча билдирүү таратты.


«5-июль күнү Түрк өкмөтүнүн жыйынында Түрк президенти Реджеп Эрдоган «Түрк чалгындоо кызматтарынын атайын ийгиликтүү операциясынын жыйынтыгы менен Орхан Инанды Түркиянын территориясына алып келинди» деп жарыялады. Орхан Инанды Кыргызстандын гражданини. Ал Кыргызстандын Билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан, биздин мекендешибиз.

Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир кыргыз жараны ошондой кол тийгис болуш керек. Анткени, Кыргыз граждандарынан Кыргыз эли түптөлөт. Кыргыз эли — мамлекеттин негизи. Ошондуктан, Кыргызстандын Конституциясынын бардык редакциясында «мамлекет өз граждандарынан коопсуздугун коргойт жана Кыргыз гражданинин чет элге эч убакта бербейт» деген кепилдик бар.

Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын территориясында эркин жүрүп, Кыргызстандын граждандарын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет.

Суверенитет четинен кертилип сатылбаш керек.

Ошондуктан, бул окуяга Кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу тиешелүү баа берилиши керек, ошого жараша Кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасаш керек.

Биз тараптан күнөөлүү адамдар болсо, ал аныкталып, алардын аракеттерине юридикалык баа берилилиши абзел!

Эртең, ар бирибиздин башыбызга ушундай кара түн түшсө, мамлекетибиз бизди таштап койбой турганына ишенгендей болушубуз керек»,-дейт Өмүрбек Текебаев.

Эске сала кетсек, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү уурдалып, бир айдан ашык убакыттан бери дайыны билинбей келген. 5-июль күнү Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган ФЕТО террорчу уюмунун Орто Азия боюнча жооптуу адамы Орхан Инанды атайын кызмат тарабынан кармалып, Стамбул шаарына алынып келингенин кабарлаган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты