​«Элит Хаустун» кожоюну 2 миллион доллар төккөнү айтылды

  • 3 года мурун

Кыргызстандагы белгилүү курулуш компаниялардын бири «Элит хаустун» башчысы Тимур Файзиев Ысык-Көлдө эс алып жүргөнү кабарланган.


Ал 2021-жылдын 27-майында УКМК тарабынан «коррупция» беренеси менен айыпталып, ага карата Биринчи май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарган.

«Kaktus.media» басылмасынын жазганына караганда, Тимур Файзиев мамлекеттин пайдасына 2 миллион доллар төгүп берген жана ал издөөгө алынган жарандардын тизмесинен чыгарылган.

Жер тилкелерин алууда коррупциялык иштерге аралашкан, үйлөрдү мыйзамсыз курган деп айыпталган Тимур Файзиевге карата 27-май күнү издөө жарыяланган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты