​Орхан Инандынын жактоочусу билдирүү таратты

  • 3 года мурун

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматтары уурдап кеткени маалым болгондон кийин жубайы Рейхан Инандынын абалы начарлаган.


Бул тууралуу Инандылардын жактоочусу Таалайкүл Токтакунова билдирди. «Түн ичинде Рейхан Инандынын абалы кескин начарлап кетти» — деген Таалайкүл Токтакунова окуя боюнча билдирүү жарыялап, мыйзамдын негизинде, бардык эл аралык нормаларга ылайык Кыргызстандын жаранын өз мекенине кайтарып келүүнү талап кылды.

Ошондой эл ал Орхан Инандыны уурдаган түрк атайын кызматынын өкүлдөрүнө чек араны мыйзамсыз өтүү боюнча сотко чейинки өндүрүштүк ишти баштоо керек экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, кечээ, 5-июлда Түркиянын маалымат каражаттары Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматтары тарабынан Кыргызстандан алынып келингенин кабарлашты.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты