​Баткенде «Баштан башта» кыймылына кысым болду

  • 3 года мурун

Баткен облусунда жергиликтүү жаштарга ишкерчиликти онлайн форматта жүргүзүүнүн жол-жоболорун окутуп жүргөн «Баштан башта» кыймылынын активисттерин белгисиз бирөөлөр кысымга алышкан.


Улан Үсөйүн баштаган активисттер Баткендеги кафелердин биринде кечки тамагын ичип жатышканда, спорттук дене түзүлүштөгү, беткап кийген адамдар аларга агрессиялык түрдө кысым жасап, Баткенден тез арада чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Окуя боюнча Улан Үсөйүн жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз жазып, белгисиз адамдардын өздүгүн тактап, аларга чара көрүүнү суранган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты