​Талибдердин таасири күн санап күч алууда

  • 3 года мурун

Афганистандагы кырдаал күн сайын курчуп баратат. Афганистандын өкмөттүк аскерлери улам-улам позицияларын алдырып, жеңилүүгө дуушар болууда.


Буга чейин Тажикстан чектешкен түндүк провинциялар талиб аскерлеринин колуна өтүп жатса, 5-июль күнү Түркмөнстан менен чек аралаш Андхой провинциясын «Талибан» кыймылы басып алды.

Ушул жылдын январь айында эле Акина-Андхой темир жол тилкеси Түркмөнстан менен Афганистандын президенттеринин катышуусунда ачылган.

Андхойдогу Акина порту аркылуу Афганистандын бир катар райондору азык-түлүк продуктуларын Түркмөнстандан ташып келишчү. Акыркы окуялардан кийин ал жакта кымбатчылык орун алып, эл арасында ачарчылык болобу деген кооптонуу күчтүү экенин «Menafn» басылмасы кабарлады.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты