​Экс-вице-мэр Уланбек Азыгалиев мамлекетке 30 миллион сом төктү

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча өзүнө карата козголгон кылмыш ишинин алкагында 30 миллион сом зыяндын ордун толтурду.


УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 20 жылдан ашык убакыттан бери муниципалдык кызматта иштеп келген экс-вице-мэр Уланбек Азыгалиев жана анын жакын туугандары ири көлөмдөгү декларацияланбаган мүлктүн ээси болгон.

Бул факты боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө У.Азыгалиев мамлекеттик бюджетке келтирген 30 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды ордуна койгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты