​»Биздин Кыргызстан» партиясы добуш сатып алууга шектелүүдө

  • 3 года мурун

Ош шаардык кеңешине талапкерлигин койгон «Биздин Кыргызстан» партиясына каршы шайлоочулардан добуш сатып алуу аракети боюнча эки арыз келип түшкөн.


Биринчи арызда, «Биздин Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү Ош шаарынын «Ак-Тилек» кичи районунун 12-көчөсүнө шагыл төгүп, оңдоо иштерин жүргүзүлгөндүгү айтылат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Шайлоочуларга пара берүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Аталган партияга каршы жазылган дагы бир арызда, «Биздин Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Культурная көчөсүндө жашаган шаардыктар менен жолугушуп, саясий уюмду колдоо үчүн эки миң сом тапшыргандыгы айтылат. Бул факты боюнча да тергөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, “Биздин Кыргызстан” партиясы буга чейин үгүт материалдарында башка мамлекеттин саясатчысынын сүрөтүн колдонгону үчүн Бишкек АШКдан жазуу жүзүндө эскертүү алган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты