ЖК депутаттары кайрадан ишке чыгышты
- 3 года мурун
Бүгүн, 5-июлда парламент депутаттары кезексиз сессиянын ачылыш аземин жасап, кайрадан ишке чыгышты.
Эл өкүлдөрү 5-июлдан 30-июлга чейин кадимки режимде иштешет. Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү комитеттер, шаршемби-бейшемби күндөрү пленардык жыйындар, жума күндөрү фракциялык сессиялар өтүп турмакчы.
Парламент депутаттары ушул ай ичинде эки конституциялык мыйзам долбоорун — министрлер кабинети жана шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр топтомун кабыл алышы керек. Мындан тышкары, депутаттар Кылмыш жана Жазык-процесстик кодекстеринин жаңы редакциясын карап чыгышат.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү