​Чүй облустук сот судьясы Дамирбек Оңолбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

  • 3 года мурун

Оңолбеков Дамирбек жергиликтүү сот судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптары бузулган деген кине коюлган.

7- июнда Садыр Жапаров Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрүп, жыйындын аягында бутуна тура албай мас болгон облустук соттун төрагасынын видео тасмасын көрсөткөн.

Соттор кеңешинин чечими менен Чүй облустук сотунун төрагасы Дамир Оңолбековду кызматтан алуу чечими чыгарылып, анын судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча Президентке сунуш берилди.

Дамир Оңолбеков өз кезегинде бул окуя пандемия күчөп турган оор кырдаалда, 2020-жылдын 4 – июлунда болгонун айткан.

.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты