#КүчЧындыкта: Журналисттик иликтөөнүн ролу

  • 3 года мурун

Kaktus.media басылмасынын журналисти Диля Юсупова #КүчЧындыкта өнөктүгүнүн алкагында журналисттик иликтөөнүн ролу жана алардын ишиндеги кыйынчылыктар тууралуу айтып берет.

Өнөктүктүн максаты — журналисттерди колдоо жана алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу коопсуздукка болгон коркунучтардын алдын алуу.

Бүгүнкү күндө биздин журналисттердин иликтөөлөрүнүн натыйжасында мыйзам бузуу, коррупция, чиновниктер тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталууда.

Акыркы бир нече жылдын ичинде дал ушул журналисттердин иликтөөлөрү сотко чейинки өндүрүштү баштоого жана чиновниктерди жоопко тартууга негиз болууда. Журналисттер мамлекеттик бийлик органдарынын ишин коомдук көзөмөлдөөгө жардам беришет.

Эгерде сиз бул өнөктүктүн максаттарына тилектеш болсоңуз, анда роликти өзүңүздүн жана редакцияңыздын социалдык тармактардагы аккаунттарына #КүчЧындыкта деп белгилеп, колдоо көрсөтүүңүздү сурайбыз.

Медиа полиси институту, Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун колдоосу менен #КүчЧындыкта бирдиктүү хештеги менен журналисттерди коргоо боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты