​Мигранттар салган акчанын саны арбыды

  • 3 года мурун

2021-жылдын апрель айында мигранттар Кыргызстанга 216,2 миллион доллар которушкан.


Бул март айына салыштырмалуу 1,9 миллион долларга көп.

Улуттук банктын маалыматына караганда, төрт айдын ичинде эле мигранттар өлкөгө 759,1 миллион доллар которушкан. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 225,2 миллион долларга көп.

Которулган акчанын 97 пайыздан ашыгы же 740,89 миллион доллар Россияга туура келет. Башка мамлекеттердеги мигранттардан 4,27 млн.доллар, АКШдан 10,63 млн доллар которулган.

Ошондой эле, 2021-жылдын апрелинин аягында 46,2 млн АКШ доллары көлөмүндө каражаттын сыртка агылып чыгышы байкалган. Акчанын негизги бөлүгү-44,5 миллион доллар Россияга которулган.

2021-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга акча которуулардын таза агымы 590 миллион долларды түздү.

2020-жылдын аягында республикага которулган акчанын көлөмү 2 миллиард 377,16 миллион доллар болгон. Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө 488,23 миллион доллар которулган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты