​Кийинки жумада Кыргызстанда +41 градуска чейин ысык болушу күтүлөт

  • 3 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 4-июлдан 8-июлга чейин Кыргызстанда ысык аба ырайы күтүлөт.


4-июлдан 6-июлга чейин абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 38 … 40 °, Талас өрөөнүндө 36 … 38 °, 7-8-июль күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 39 … 41 ° чейин, Талас облусунда 37 … 39 ° чейин жогорулашы күтүлөт.

«Мындай ысык аба ырайында ачык күндүн астында көпкө чейин болуу кооптуу. Сак болуңуз! ”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты