Феруза Жамашева кызматтан кетти
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештин депутаттары 30-июндагы отурумунда Феруза Жамашеваны Кыргызстандын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан бошотушту.
Жогорку соттун судьялыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызды Феруза Жамашева өз каалоосу менен жазган.
Эске салсак, Феруза Жамашева 2012-2015-жылдары Жогорку Соттун төрайымы, 2015-2018-жылдары төрайымдын орун басары, 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Соттун судьясы кызматын аркалап келген.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү