Аида Касымалиева:«Мээсинен айнып калган министриңер бул жакка келсин же жумуштан кетсин»

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева парламенттин 30-июндагы жыйынында, шалаакылыкка жол берген Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абалга күнөөлүү экенин айтты.


«Ар кайсыны айтпай эртерээк вакциналарды сатып алса болмок. Коңшу өлкөлөрдө 6 миллиондон ашык адам эмдөөдөн өткөн. Адамдардын өлүмүндө министрдин түздөн-түз күнөөсү бар. Аконит менен дарылайм деп отуруп алды. Ооруну жугузуп алып, дагы деле иштеп отурат. Бул түздөн-түз шалаакылык. Ушунчалык уяты жок адам экен», — деди Аида Касымалиева.

Ошондой эле «кызыл зонада» иштеген медайымдар, дарыгерлерге эч кандай шарт түзүлбөгөнүн айтып, тийиштүү акчасын ала албай жатканын кошумчалады.

«Алар компенсация же кошумча төлөмдөрдү алуу үчүн ооруну жуктуруп алышы керекпи? Бул адамдын кадыр-баркын кемсинтүү. Алар ооруп калгандыгын далилдебестен, иштегендиги үчүн акча алышы керек. Кошумча төлөм алардын «кызыл зонада» иштегендиги үчүн гана төлөнүшү керек», — деди.

Аида Касымалиева министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаевге кайрылып:

«Аймактарга 50-100дөн вакцина жиберипсиңер. Бул эмне деген шылдыңдоо? Бирок, аконит министрге карабастан, адамдар эмдөөдөн өтүп жатышат. Мээсинен айнып калган министриңер бул жакка келсин же жумуштан кетсин. Медицина кызматкерлери силер профессионалсыңар да, кантип чыдап отурасыңар, айтпайсыңарбы?», — деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты