​Министрлер кабинети: «Чектөө чараларын киргизүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз»

  • 3 года мурун

Кыргызстанда коронавирус инфекциясына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бербөө үчүн Министрлер кабинети чектөө чараларын киргизүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт.


Министрликтерге жана ведомстволорго кызматкерлердин кеминде 50 пайызын, өзгөчө 60 жаштан жогорку кызматкерлерди, өнөкөт оорулары бар адамдарды жана кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө которуу сунушталды.

Мындан тышкары, министрлер кабинети министрликтердин жана ведомстволордун бардык кызматкерлерин тез арада эмдөөдөн өткөрүү милдетин койду.

Мамлекеттик органдарга каттаган адамдардын саны чектелип, жолугушуулар онлайн режиминде өткөрүлөт. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге массалык маданий иш-чараларга, коомдук тамактануучу жайларга, базарларга, ири соода борборлоруна эпидемиологиялык абал жакшырмайынча барбай туруу сунушталды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты