VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы жабык деп жарыяланды
- 4 года мурун
Бүгүн, 30-июнда, VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын жабылуу аземи болду.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 34-беренесине ылайык, VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII сессиясы жабык деп жарыялады.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү