​“Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өткөн жок

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңеште добуш берүүдө “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды.

Анда 59 депутат “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

28-июнда Жогорку Кеңештин тармактын комитети аталган мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары долбоор сөз эркиндигин чектей турганын билдирип, сынга алышууда. Бүгүн, 30-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер Жогорку Кеңештин алдында бул мыйзам долбооруна каршы митингге чыкты.

Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова буга чейин «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал коомчулуктун каршы пикирине туш болуп, анын макулдашылган варианты кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты