​ТИМ мигранттарга онлайн жардам берген порталды ишке киргизди

  • 3 года мурун

Тышкы иштер министрлигинин малыматтык кеңеш берүү борбору мигранттар үчүн www.migrant.kg сайтын ишке киргизди.


Маалыматка ылайык, бул сайт мигранттарга онлайн режиминде Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен («кара тизме») өзүн текшерүүгө, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Миграция маселесине байланышкан бардык кеп-кеңештер да жайгашкан.

Мындан тышкары, сайтта “Жүк 200дү” Кыргызстанга жеткирүү ага кеткен чыгымдар үчүн бир жолку төлөмдү кантип алуу керектиги жөнүндө бардык маалыматтар бар.

Бул USAIDдин “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун колдоосу менен ишке ашкан. Порталдын бет ачары Бишкекте 2-июлда болот.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны 1 миллиондон ашат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты