Эрлан Алимбаев: “Мыйзамдарды өзгөртүүнүн бирдиктүү концепциясы иштелип чыгышы керек” (ВИДЕО)

“Тандем” юристтер коому Кыргызстанда болуп жаткан саясий-укуктук өзгөрүүлөргө анализ жүргүзгөн. Юрист Эрлан Алимбаев өлкөдөгү саясий-укуктук абал тууралуу “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө сөз кылды.

— Азыр маселенин баары кабыл алынып жаткан мыйзамдарда, анын сапатында болуп жатат.

Жогорку Кеңеш каникулга тарабай, маанилүү мыйзамдарды биринчи кезекте кабыл алсын деп жатабыз.

Өлкөдө башкаруу формасы өзгөрүп, анын негизинде Конституция кабыл алынды, ага байланыштуу бүт мыйзамдар өзгөрүлүп жатат. Министрлер кабинети кайрадан шайланып, жаңы мыйзам менен ишке кириш керек. Азыркы курамы техникалык деп аталса болот, себеби Министрлер кабинети боюнча мыйзам кабыл алына элек. Ал дагы — азыркы Жогорку Кеңештин приоритеттүү маселелеринин бири. Биринчи кезекте ушул мыйзамдарды кабыл алуу керек.

Мыйзамдарды өзгөртүүнүн бирдиктүү концепциясы жок. Мыйзамдарды өзгөртүүнүн бирдиктүү концепциясы иштелип чыгышы керек.

Эң негизгиси — Шайлоо тууралуу мыйзам кабыл алынып, шайлоо жарыяланып, Жогорку Кеңештин курамы шайланып келиши керек.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты