ЖК төрагасы Талант Мамытов ооруканада дарыланууда
- 4 года мурун
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов клиникалык ооруканада стационардык дарылоодон өтүүдө.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытов ден-соолугу начарлагандыгына байланыштуу 28-июндан тартып иш башкармалыктын клиникалык ооруканасында стационардык дарылоодон өтүүдө.
Төраганын ден-соолугу туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында Covid-19 илдети аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтпоо максатында аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.
Муну бөлүшүү