Садыр Жапаров: «Эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керек»

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тажик кесиптеши Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүү жүргүздү.


Эмомали Рахмон Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарына өзгөчө маани берээрин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгиледи.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров:

«Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз. Ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн элдери үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калды.

Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, — деди.

Ошондой эле Садыр Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табаарына ишенимин билдирди.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты