​Мамлекеттик аппарат 30 пайызга кыскартылды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» жарлыкка кол койду.


Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу, бири-бирин кайталаган жана керексиз функцияларды жоюу, мамлекеттик аппаратты тейлөө үчүн каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында Президенттик Администрациянын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин ж.б. мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу чечими кабыл алынды.

Аталган жарлыкта:

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментине сот органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү жана алардын штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

— кыскартылган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошонуу жөлөкпулун төлөп берүүнү камсыз кылсын;

— бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

— үнөмдөлгөн каражаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшасын;

— Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирүү сунушу келтирилген.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты