Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолукту

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 28-июнда, расмий иш сапары менен Тажикстанга барды.


Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропорттон КР Президентин Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.

Тараптар кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулашат.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен анын шаар сыртындагы «Бахор» резиденциясында чай үстүндө баарлашкан.

Тажикстанга барган Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустөмбеков;

— транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;

— Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.


Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты