​«Кыргыз темир жолунун» башчысы болуп 32 жаштагы Азамат Сакиев дайындалды

  • 3 года мурун

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Сакиев Азамат Абдукаримович дайындалды.


«Кыргыз темир жолунун» басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 2021-жылдын 25-июнунда кол койгон.

Сакиев Азамат 1989-жылы 20-февралда туулган. 2010 — Улуу Британиянын Ноттингем университетин бүтүргөн.

Ал буга чейин «Кыргыз темир жолунун» Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүндө инженер, бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты