​Баткендеги соңку куралдуу кагылыштан жабыркагандарга кошумча социалдык кепилдик берүү сунушталууда

  • 3 года мурун

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги 28-30-апрелде Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан каза болгондордун үйбүлө мүчөлөрүнө кошумча социалдык кепилдик берүүнү сунуштады.


Министрлик муну “2010-жылдын апрель-июнь айларындагы окуялардан жабыркаган жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу ишке ашырууга ниеттенүүдө. Документ өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 2010-жылдагы окуялардан жабыркагандар жана каза болгондордун жашы жете элек балдары же ата-энелери 37 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (3700 сом) социалдык жөлөк пул алышат. Маркумдардын балдары бала бакчаларда акысыз тарбияланат, жогорку окуу жайлардагы бюджеттик орундардан квота берилет жана медициналык кароодон акысыз өтүшөт.

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан жабыркаган жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө да ушундай эле мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү сунуштоодо.

Мыйзам долбоорун 2022-жылдын январь айынан тартып ишке киргизүү демилегеленип жатат. Себеби быйылкы жылдын бюджетине социалдык жөлөк пул төлөө боюнча акча каралган эмес. Бул үчүн 3 млн 363 миң сом керек.

Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты