#КүчЧындык: Журналисттерди коргоо боюнча маалыматтык кампаниясы башталды

  • 3 года мурун

Медиа полиси институту Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун колдоосу алдында #КүчЧындыкта деген бирдиктүү хештег менен журналисттерди коргоо боюнча маалыматтык кампанияны ишке ашырып жатат.

Кампаниянын максаты – журналисттерди колдоо жана алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу коопсуздугуна коркунуч жаралышына жол бербөө.

Акыркы жылдары коомдук-саясий кризистерди чагылдырууга байланыштуу журналисттерге кол салуу жана алардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч жаратуу учурлары көбөйдү. Мындай тенденцияга жол берүүгө болбойт. Эркин ММКлар мамлекеттик демократиялык өзгөрүүлөрдүн белгиси болуп эсептелет. Эркин жана ар түрдүү ММК – бул дагы деле Кыргызстандын өзгөчөлүгү.

Журналисттердин миссиясы — чындыкты издөө, фактыларды чогултуу жана текшерүү, ошондой эле адамдарга коомдук маанилүү маалыматтарды ыкчам жеткирүү. ЖМК редакциялары көптөгөн жарандар үчүн коомго үнүн жеткирүүгө бирден-бир мүмкүнчүлүк болуп калды. Бирок акыркы мезгилде Кыргызстандагы журналисттер коррупцияга же адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу жүргүзгөн иликтөөлөрү үчүн гана эмес, өлкөдөгү кадыресе болуп жаткан окуяларды чагылдыргандыгы үчүн да коркутуп-үркүтүүлөргө кабылышууда.

Көзкарандысыз ЖМКлар — бул биздин республиканы жакшы жакка өзгөртө ала турган Кыргызстандын артыкчылыгы. Бирок журналисттер бизге ишенимдүү маалыматка жетүүнү жана сөз эркиндиги укугун камсыздай алуусу үчүн алар өзүнүн коопсуздугунан чочулабай өз ишин аткара алышы керек.

Журналисттик ишмердүүлүк, тажрыйба жана кыйынчылыктар жөнүндө ЖМКда ири тажрыйбасы бар бул видеодогу каармандар айтып беришет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты