​Токтогулдагы суунун көлөмү 11 миллиард кубметрден ашты

  • 3 года мурун

2021-жылдын 28-июнуна карата «Токтогул» суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 6 миллион кубметрди түздү.


«Электр станциялары» ААКнын билдиргенине караганда, былтыркыга караганда суунун агымы дагы деле төмөн. Бүгүнкү күндө суунун агымы секундасына 590 кубметрди түзүүдө.

«Негизи азыр кар массаларынын активдүү ээриген, суунун агымы эң жогорку чеги болгон мезгил. Бирок Нарын дарыясынын жогорку агымындагы аймактарда үчүнчү кыш кар аз жаашы өзүнүн таасирин тийгизүүдө. Биз Кыргызстандын элин энергияны сарамжалдуу пайдаланууга, электр жарыгын үнөмдөөгө чакырабыз», — деп билдирет «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты