Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Энергетика министри тосуп алды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда расмий иш сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына келди.


Садыр Жапаровду Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды.

Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Президент Садыр Жапаров менен кошо Түркмөнстанга;

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Түркмөнстандагы элчи Талант Султанов;

— транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраевдер келди.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты