2-3 айдан кийин Кыргызстан унсуз калышы мүмкүн 

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин 24-июндагы жыйынында Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров 2-3 айдын ичинде буудай азыктарын ташууда чек аралар жабылып, Кыргызстан унсуз калышы мүмкүн экенин билдирди.


«Эшелондор жана учактар менен турмуштук маанилүү азыктарды ташып келүү зарыл. Бул милдетти Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшыралык. Кечигип калсак, 2-3 айдан кийин чек аралар жабылат, бизге эч кандай ун келбейт. Илгери, 2007-жылы дагы ушундай кырдаал болгон. Айыл чарба министрлигине тапшырып коюп, тапшырмалар өз убактысында аткарылбай, катуу кыйналганбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Буга чейин Кыргызстан Россиядан 30 миң тонна буудай жардам сураган. Бул боюнча Тышкы иштер министрлигине терс жооп келген. Ошондуктан Россия, Казакстандан буудайды накталай акчага сатып алуу жолун караштыруу керек экени айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министр Бообек Ажикеев гуманитардык жардам катары Казакстандан келген 10 миң тонна ундун нымдуулугу ашыкча экенин айтты.

«Ал унду сактоо боюнча мүмкүнчүлүгүбүз чектелген. Себеби 2-3 айга жетпей унубуз бузулуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ал унду сатыкка чыгарып, түшкөн акчасына буудай сатып алсак», — деген оюн айтты.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты