​Ун, кумшекер, эт азыктарына болгон кошумча нарк салыгы алынып салынды

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин 24-июндагы жыйынында өлкөбүздөгү азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе талкууга алынды.


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов азык-түлүк коопсуздугу тийиштүү министрликтерди уктатпай турган маанилүү иш болушу керек экенин белгилеп, бул багытта көрүлүп жаткан чаралардын айрымдарына токтолду.

Улукбек Марипов:

«ЕАЭБден тышкары өлкөлөргө буудай, кумшекер, күрүч, өсүмдүк майы, жумуртка азыктарын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди.

Дагы бир чечим менен кумшекер, эт, ун азыктарын Кыргызстанга ташып келүүдөгү кошумча нарк салыгын алып салдык. Бюджетке 200 миллион сом түшпөй калаарын билсек дагы, азык-түлүк тартыштыгын жоюу үчүн ушундай кадамдарга барып жатабыз.

Малдын тоютунун кайсы түрү болбосун Кыргызстандан сыртка чыгарбоо тууралуу чечимди кабыл алдык», — деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты