​​Россияда кармалган Эсен Мажитов Тажикстанга өткөрүлүп берилбейт

  • 3 года мурун

Россияда кармалган кыргызстандык Эсен Мажитов Тажикстанга өткөрүлүп берилбейт.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы:


«Эсен Мажитовдун жакындарынын айтымында, тажик бийлиги ага каршы 2020-жылы август айында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал массалык башаламандыктарга катышкан деп айыпталып, тажик бийлигинин өтүнүчү менен 2021-жылы 18-апрелде Нижний Новгород шаарында кармалган. Россиянын Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын Эсен Мажитовду Тажикстанга өткөрүп бербөө боюнча кайрылуусун канааттандырды», — деп билдирет.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 27-апрелинде Эсен Мажитовдун жакындары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдына митингке чыгып, ТИМ башчысы Руслан Казабаевден, Россиядагы жана Кыргызстандагы эки мамлекеттин элчилеринен бул ишти көзөмөлгө алып, кыргыз жаранын коргоп калууну талап кылышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты