Мурдагы вице-мэр Мирлан Амантуровго козголгон кылмыш иши токтотулду

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, «Бишкекасфалььтсервис» муниципалдык ишканасын көп жылдар бою башкарган Мирлан Амантуровго карата козголгон кылмыш иши кыскартылды.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен экс-вице-мэрге козголгон кылмыш иши толугу менен кыскартылып, эркиндикке кое берилген.

Райондук сот тараткан маалыматта «Ал өз ыктыяры менен 25 миллион 203 миң 700 сом өлчөмүндөгү зыянды төлөп бергендиктен, иш кыскартылды», — деп жазылган.

Эске сала кетсек, УКМК Мирлан Амантуровду 2020-жылдын 29-декабрында камакка алып, «2015-жылдан 2019-жылга чейин Мирлан Амантуров менен байланышкан компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммадагы муниципалдык буйрутмалар берилген, алардын жарымын өздөрүнө ыйгарып алышкан. Муниципалитеттин өз убагында каржылоосуна карабастан, подрядчик компаниялар ишти толугу менен аяктаган эмес. 29-декабрда Мирлан Амантуров кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп билдирген.

Мирлан Амантуров 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен депутаттыкка талапкерлигин койгон.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты