​УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы расмий түрдө жоюлду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров “УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюу жөнүндө” жарлыкка кол койду.


Буга чейин Кыргызстандын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда Садыр Жапаров УКМК АКК кызматын жоюу боюнча жарлыгын жакын арада чыгараарын айткан.

“Президент экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жакшыртыларын бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлөт. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири», — деп айтылат Президенттик администрация тараткан маалыматта.

Бул жарлыкты аткаруу үчүн Министрлер кабинетине жана УКМКга уюштуруу иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты