​Акылбек Жапаров өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү өлкөдөгү эпидемиодогиялык кырдаалды талкуулашты.


Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун вакцина алдырып, элди жапырт эмдөөдөн өткөрүү керек экенин айтты.

Мамлекеттик кызматкерлерди мажбурлап, эмдөөдөн өтпөсө маянасын бербей коюу керек экенин кошумчалады.

«Өзгөчө кырдаалдар министрине тапшырма берели. 10 күндүн ичинде дүйнөнүн бардык бурчуна учак жиберип, вакцинаны алдыруу керек. Канча дарыгер эмдөөдөн өттү? Эмне үчүн медициналык кызматкерлер арасында ооругандардын саны өсүүдө? Мен өзгөчө кырдаалды киргизүүнү жана ыктыярдуу мажбурлоочу механизмдерди колдонууну сунуштайм. Армия, Ички иштер министрлиги жана биздин 368 миң мамлекеттик кызматкер эмдөөдөн өтпөсө, эмгек акысын төлөбөй коюш керек», — дейт Акылбек Жапаров.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты