​ПЦР-тесттин баасы 2 эсеге арзандады

  • 3 года мурун

Кыргызстанда коронавирус илдетин ПЦР аркылуу лабораториялык изилдөөнүн баалары арзандады.


Монополияга каршы көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, ПЦР-тесттин баасы 1 миң 574 сомдон 788 сомго арзандатылды.

Кыргызстандагы коронавирус илдетинин жайылышы боюнча математикалык моделдөө ишин жүргүзүп, былтыр «кара июль» окуясы болоорун алдын-ала айтышкан көз карандысыз эксперттердин тобу жакынкы 2 жумада COVID-19 оорусу кескин күчөп кетиши мүмкүн экенин эскертишкен.

Борбор калаадагы коронавирустук кырдаалдын начарлашына байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга кызматкерлеринин 50 пайызын аралыктан иштөө режимине которууну 20-июнь күнү сунуш кылган.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты