​Коронавирустун «дельта» түрү мурдагылардан эки эсе жугуштуу

  • 3 года мурун

Коронавирустун «дельта» түрү мурдагыларга караганда 2 эсе кооптуу жана жугуштуу экенин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү айтып чыкты.


ДССУнун башкы илимий кызматкреи Сумия Сваминатандын айтымында, вирустун алгачкы SARS-CoV-2 түрүнө салыштырмалуу «дельта» же вирустун индиялык штаммы менен ооруган адам бир учурда 8 адамга чейин ооруну жуктурат. Ошол себептен, бүтүндөй үй бүлөсү менен жапырт ооруга чалдыккандардын саны өсүүдө.

Бул штамм алгач Индияда пайда болуп, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 85 өлкөсүнө жайылып кеткен.

«Жакшы жаңылык – дүйнөдөгү көптөгөн вакциналар өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтүүдө. Ошентсе дагы, вакцинадан тышкары эң мыкты коргонуу аралыкты сактап, коргоочу каражаттарды тынымсыз колдонуу», — дейт. ДССУнун бөкүлү Сумия Сваминатан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты